Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк беришти
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
7-июль күнү ички иштер органдарынын түзүмүндөгү балдар иштери боюнча инспекциясы өзүнүн кесиптик майрамын белгилешүүдө. Бул күнү алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барып, азык-түлүктөрдү тапшырышты. Айылдык милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, азык-түлүктөрдү милиция кызматкерлери өздөрү сатып алышкан. Колдон келген жардам жергиликтүү тургундар тарабынан да көрсөтүлдү. Тизмеге кирген үй-бүлөлөр кокусунан тандалган эмес.
«Ар бир аймактарда өзүнүн милициянын участкалык ыйгарымдүү өкүлдөрү иш алып барышат жана алар турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү аныкташат. Ушундан улам, убактылуу оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү оюбуз жаралган. Мындай үй-бүлөлөр үчүн көтөрүӊкү маанайды түзүүгө абдан жакшы жардам", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="188589,188590,188591,188592"]