1-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында республикалык деңгээлде Жолболду уулу Садыр акенин 200 жылдыгы, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелерине арналган «Улут баскан улуу жол» аттуу этно фестиваль өтөт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Этно фестивалдын күндүзгү бөлүгү саат 10:00дө старт алып, иш-чаранын алкагында:
Эл аралык «Казак-Кыргыз» айтышы;
Акелерге арналган илимий-практикалык конференция;
«Ысык-Көл Боз үй мекени» макамын алгандыгына байланыштуу «Хан боз үйлөр жана каада салт» сынагы;
«Кол өнөрчүлөрдүн жана шырдак дүйнөсү»;
«Этно мода»;
«Салттуу музыка»;
«Элдик көчө театры»;
«Так Теке»;
«Шайыр апалар» сынактары өтүп, салбуруун көргөзмөсү менен катар улутубуздун баа жеткис нарктуу өнөрлөрү тартууланат.
Этно фестивалдын гала-концерти кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда саат 20:00дө башталат.