Пристань-Пржевальск айыл аймагынын көл жээгинде тоңуп калган ак куу куткарылып, Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» зоопаркында калыбына келтирилип, ак куу өзүнүн табигый чөйрөсүнө көлгө кайтарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
«Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жана экологиялык уюмдун өкүлдөрү ак кууга учууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда, тез арада тиешелүү жардам көрсөтүшүп, канаттууну зоопаркка жеткиришти. Адистер канаттууну калыбына келтирүү процессин ийгиликтүү жүргүзүп, ак куу өзүнүн табигый чөйрөсүнө, көлгө кайра кайтарылды», — деп жазылат маалыматта.












