Ысык-Көлдө Транспорт министрлигинин кызматкери кум чачып жүрүп каза болду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ысык-Көлдө Транспорт министрлигинин кызматкери жолду кум чачып жүрүп каза болду. Бул тууралуу журналисттерге Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милицияга аймактык ооруканадан Темир айылында жол тейлөө башкармалыгынын кызматкери, Ананьево айылынын 60 жаштагы тургуну Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын бортунда жолго кум чачып жатып, кокусунан кулап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу алган жаракаттары менен Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жаткырылган, бирок каза болуп калган. Факты райондук милициянын маалыматтык электрондук журналына катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.