Соцтармакта «Ысык-Көлдөгү алмадан мыктысын өмүрүмдө жеп көргөн эмесмин» деген орусиялык туристтин видеосу тарап жатат.
«Эт, жумуртка, сүт, жашылча жана мөмө-жемиштер даамдуу экен. Ысык-Көлдүн алмаларын өзгөчө белгилеп өткүм келет. Жыты, даамы, сырткы көрүнүшү — мындан мыктысын өмүрүмдө жеп көргөн эмесмин», — дейт ал.