Ысык-Көл районунун аймагында орун алган 25 бассейн жана 2 аквапарк текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
«Ысык-Көл РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору аймакта орун алган ар бир бассейн менен аквапарктарда болуп, балдар жана өспүрүмдөргө ылайыктуу шарттар боюнча кабар алышты. Куткаруучулардын иш алып баруусу боюнча дагы тийиштүү маалыматтар алынып, актылар түзүлдү», — деп жазылат маалыматта.












