Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасынан биздин маалымдоо/кайрылууну каттоо жөнүндө тастыктоочу кат алдым. Бул тууралуу юрист Сания Токтогазиева Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Сания Токтогазиева Тажикстандын Кыргызстанга жасаган аскердик агрессиясын Гаага соту териштириши керек деген билдирүү жасаган эле. Ал эми президенттик администрациядан юристтин мындай кадамдарын сынга алып, чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кыларын жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн экенин билдиришти.
28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 киши каза болуп, 200гө чукул адам жаракат алган.










