Жаңы окуу жылына карата жалпы 81 мектеп пайдаланууга берилди
2026-2027-жаңы окуу жылына карата жалпы республика боюнча 81 мектептин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Алар:
- Бишкек шаары – 9 объект;
- Чүй облусу – 4;
- Баткен облусу – 5;
- Жалал-Абад облусу – 26;
- Ысык-Көл облусу – 11;
- Нарын облусу – 13;
- Ош облусу – 9;
- Талас облусу – 4.
Анын ичинен 40 объект жаңы курулуп, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик тарабынан билим берүү объектилерин куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттө аякташына жана окуучулар үчүн тиешелүү шарттардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.