Жапалакка жаратылыш газы берилди
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 5 миң кожолукка жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жумушту Ош шаарынын мэриясынын каржылоосунда “Газпром” ЖЧКсы аткарды. Жалпысынан аталган аймакта 9 айылга 2 чакырымдай газ түтүгү тартылды.
"Он жылдап чечилбей келген газды Жапалакка алып бардык. Эми ар бир үйгө тартып кириш үчүн эл, көчөмө-көчө ынтымакташып, долбоору даяр болоору менен мэрия да четте карап турбайт, бирок элдик салым да болушу керек. 50/50 долбоору менен көгүлтүр от ар бир үйгө орто басымда жетет. “Мен Жапалакта турам, үйүмө газ кире элек го” деп жазган тургундар үчүн маалымат", - деп жазылат шаар башчысынын билдирүүсүндө.

Жапалак айылына газ тартуу көйгөйү мэр Жанарбек Акаевдин президенттин тапшырмасынын негизинде эл менен жолугушуу учурунда айтылган.