Зардалы айылына президент тарабынан Тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
14-июнда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер Баткен районунун эң алыскы, шарты катаал Зардалы айылына иш сапар менен барышты.
Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында, өзгөчө алыскы айылдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда.
Бул күнү облус башчысы айылга президент тарабынан берилген, заманбап, толук жабдылган Тез жардам унаасын тапшырды.








