Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында жыл сайын өтүп келген Жаңы жылдык концерт да, салют аттыруу да быйыл болбойт. Ага акча жок. Бул тууралуу калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Жаңы жылдык балаты 10-декабрда орнотулат жана буга чейин айтылгандай ал эски эле жасалгалар менен кооздолот.
“Ушундай кыйынчылык болуп турганда аянтта концерт өткөрүп, салют аттырбайбыз деп чечтик. Анын үстүнө концерт уюштурууга эле 4 миллион сом керек экен. Ошол үчүн да баш тарттык”, — дейт Балбак Түлөбаев.
Бишкекте +39. 27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,...