Бишкекте зомбулукка кабылган балдар каякка кайрылса болот? Номурлар

Зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдар жардам берүү борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Борбор зордук-зомбулуктан жабыр тарткандардын балдарын коргоого жана жардам сурап кайрылгандарга юридикалык колдоо көрсөтүүгө даяр. Борбордун тажрыйбалуу кызматкерлери ар убак психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтө алат. Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз жардамга муктаж болсо, акысыз консультация алуу үчүн биздин борборго 0312 442510 номерине же 111 телефону аркылуу чалыңыз. Борбордун эшиги ар дайым ачык жана турмуштун оор кырдаалына кабылган ар бир балага жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр», — деп айтылат маалыматта.