Зордукталып, төрөгөн 14 жаштагы кыздын чоң атасы: «Дарыгерге неберемдин ашказанын көрсөткөнү барып, кош бойлуу экенин билдим»

Биздин редакцияга 13 жаштагы небереси зордукталып, уул төрөгөнүн айткан жаран кайрылды. Каарманыбыз небересин ТикТок социалдык тармагы аркылуу таанышкан жаран чакырып зордуктаганын айтат. Ал эми бул окуяда жабыркаган кыз бүгүнкү күнү бир уулдун энеси, жашы 14тө.

Чоң атасы кызды ата-энеси эки жолго түшкөдөн бери багып келерин айтат. Анын айтымында, кыздын апасынын башка үй-бүлөсү бар. Ал кызга 4-классында келип кеткенин айтат. Атасынын да үй-бүлөсү бар. Учурда алар 4 баланы багып келишет. Кыз кусуп, ооруй баштаганда ашказаны ооруп жатат деп, дарыгерге барган күндү эстеди.

«Дарыгерге барсам ашказаны ооруп жатат деп, дары берди. Аны 15 күн ичип жүрдү. Анан келсем эле кусуп жатыптыр. Дарыдан болуп жатат го дедим. Эртеси барып, ашказанын текшерттим. Ал жактан УЗИге түшүрүш керек дешти. Дарыгер келип, кызыңыздын оорусу бар экен, отуруп туруңуз деди. 1 саат отурган соң милиция келди. 15 мүнөттөн кийин милиция чыгып, кызыңыз кош бойлуу экен деди. Чалкаман кеттим. Милицияга барып, арыз жаздым», — деди ал.