«Сиз бир катар бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматтан кетирдиңиз. Командаңызды чогултуп жатасызбы же коррупцияга каршы күрөшпү?”,— деп сурады бүгүн, 19-июлда координациялык кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев.
Мамлекттик курулуштун директору Нуртазин Жетыбаев алар тараптан бир катар мыйзам бузуулар болуп, алар менен коштошууга аргасыз болгондугун айтты.
«Демек, сиз коррупция менен күрөшүү үчүн кызматтан кетирдиңиз, туурабы?» – деп сурады башкы прокурор.
Директор ошондой экенин айтты. «Демек, биз жакында анын жыйынтыгын көрөбүз», — деди Зулушев.