"Атак-даңк" сериалына тартылган актёр менен актриса кыз-жигит экенин жарыялашты
"Атак-даңк" сериалына тартылган актёр Ли Дохён менен актриса Лим Чжиён кыз-жигит экенин жарыялашты. Бул тууралуу корей басылмалары жазышты.
"Dispatch" жазгандай, эки атактуунун сезимдери "Атак-даңк" сериалынын соңку тартуу иштеринде башталган. Экөө мамилесин долбоордогу кесиптештеринен жашырган. Актёр жана актрисанын компаниялары маалыматты ырастап, алардын мамилесин колдоого чакырды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="172500,172498,172499"]
Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо башкы ролду ойногон Netflix сервисинин «Атак-даңк» («The Glory» / «Слава») сериалынын биринчи" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/korej-tolkunu/belgilyy-korei-aktrisasy-son-hie-kio-bashky-roldu-oinogon-jany-serial-dyinolyk-reitingde-5-orunga-chykty/">биринчи сезону да, экинчи" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/korej-tolkunu/belgilyy-korei-aktrisasy-son-hie-kio-tartylgan-serialdyn-ulandysy-bir-kyndo-3-orunga-chykty/">экинчи сезону да ийгиликтүү болду. Бул долбоор «Мистер Саншайн», «Гоблин» жана «Күндүн мураскерлери» сериалдарынын сценаристи Ким Ын Сук жазган алгачкы пьеса. Аталган драмада мектепте кордук көргөн кыздын өч алуусу чагылдырылат.