Өткөн кылымдын токсонунчу жылдары Совет мамлекети кыйрап, союздук республикалар эгемендикке жетип, «алгалай бер, гүлдөй бер, азаттыктын жолунда» деп өз тагдырын өзү чечип жаткан заман эле. Ошол оор жылдарда Кыргыз мамлекетинде кыйраган өнөр жай өндүрүшү, эңшерилген экономика менен бирге толгон-токой маселелер келип чыккан. Алардын бири өлкөбүздүн баш калаасынын атын өзгөртүү болчу. Кылымга тете тарыхы бар Фрунзе шаарынын аты-заты элдин кан-жанына сиңип, эл сүймөнчүлүгүнө айланган эле. Анан кантип анын атын өзгөртүүгө болсун! Ал кезде азыркыдай демократия (тагыраагы ээн ооздук), адамдардын акыл-эсин каалагандай калчап, камап алган интернет желеси жок болсо да эл борбор калаанын атын өзгөртүүгө караманча каршы болчу.
«Ушу кантип болсун, эми Пишпек дейбизби, илгерки эски заманга кайтабызбы? Бүт дүйнөгө шерменде болобуз го… «Силердин борбор шаарыңар кымыз бышкан жыгач таякты билдирет» деп шылдыңдашат. Болбойт, болбойт… Фрунзе деген кандай сонун угулат. Шаңдуу, кулакка жагымдуу.. А Пишкек деген жели чыккан дөңгөлөктөй… пышш, пышш… «Бул аталыш элге сиңбейт, Фрунзе унутулбайт» дешчү. Кайда барсаң элдин сөз кылганы ушул, автобуста, троллейбуста, көчөдө…
Ошого карабай борбор калаабыздын аты өзгөрдү. Пишпек эмес, бир аз өзгөрүп Бишкек болду. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү. Азыр Бишкек кандай сонун угулат… Кан-жаныбызга сиңип, эч нерсеге алмашкыс болуп калды. Бүт дүйнө таанып, бардык тилдерде уккулуктуу айтылат. Борбордун мурунку атын азыр эч ким деле эстебейт…
Өткөн тарыхыбыздагы бул окуяны айтып жатканым желегибиздин алмашканынан улам болуп жатат. Адамдын жашоосунун түпкү өзөгү өзгөрбөсө да сырткы турпаты улам өзгөрүп, өсүп-өнүгүп, жаңыланып турат. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бирөө жазыптыр «АКШнын желеги 27 жолу өзгөргөн» деп. Чындыгында ошондой. Өнүгүү бар жерде өзгөрүү болуп турат. Эң башкысы акпай туруп калбаш керек. Агып, жаңыланып турган жакшы.
Желектин айрым атрибуттарын өзгөртүүнү демилгелеген Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовду не деген уятсыз, жаман сөздөр менен ур-тепкиге алдык. Ар бир адамдын ой-пикирин, демилгесин сыйлаганды үйрөнө албаптырбыз. Желекти оңдоп-түзөөнүн башкы демилгечиси президент экенин да билдик. Президентти да шылдыңдап, акараат айтып жатабыз! Эл шайлаган президент ушундай бир демилге көтөргөнгө татыксызбы?! Президент өз элинин атынан сүйлөөгө, демилгелөөгө, ар кандай чечимдерди чыгарууга укуктуу экенин унутпасак. Биз аны ошон үчүн президент кылып көпчүлүк добуш менен шайлаганбыз. Демек анын демилгесин, чечимин урматташыбыз керек.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге келсек, ал да кыргыздын бир мекенчил уулу. Кыргыз тилинин тагдыры үчүн акыркы 30 жылда жогорку кызматтагы эч бир жетекчи анчалык күйүп-бышкан эмес. Океден коркуп жашап келген жаныбыз дале болсо «старший брат» не деп коёт деп кылчактап турабыз. Шакиев болсо эң жогорку трибунадан эч кимден коркпой, жалтактабай, тили буруу министрлерди такалап, кыргызча сүйлөтүп, бүт иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүп жатат. Кыргыз тилине конституциялык макам алып берди. Албетте мунун баары кимдир бирөөлөргө жакпай жатат. «Бишкек болк этсе, Маскөө солк этет» дегендей болуп жатат да… Ар кандай ички да, тышкы да саясый күчтөр мындан пайдаланып, ич ара тепкилешип жатып калуудабыз. Кыргыз тили кыргызга эле керек. Ушундай «бир көзүң экинчи көзүңө душман» болуп турган учурда кыргыз тили үчүн чечкиндүү күрөшүүгө да саясий эрк, жүрөк керек. Мындай сапат бардык эле лидерлерде жок. Демек, Нурланбек Шакиевде ошондой мыкты сапаттар, чечкиндүүлүк, саясый эрк, мекенчилдик бар. Биз аны баалай билишибиз керек. Кыргыз тилинин келечеги аксап турган ушундай шартта биз ага дем-күч берип, колдоп турганыбыз оң го. Баарыбыздын эле колубуздан келбеген ишти жасап жаткан соң.
Эми Нурланбек Шакиев тууралуу азыноолак кеп курайын. Саясатта негизинен кутуга салгандай бир кылка жетекчилер, лидерлер көп кездешет. Баарынын көз караштары, дүйнө таанымдары дээрлик коёндой окшош болгондуктан саясатта жасаган кадамдары да окшош болот. Шакиевдин феномени такыр башка. Ал башка саясатчыларга окшобойт жана кандайдыр бир рамкага да сыйбайт. Башка саясатчылардай кыялданбай, кылчактабай түз эле реалдуу ишке өтөт. Кыргыздар айткандай, «болоорун» жасайт. Кээде анын иштин көзүн таамай таба билгенине таң каласың. Айрым маселелердин өңүтү кайда баратканын, аягы эмне менен бүтөөрүн алдын алып айтып коймой жайы да бар. Мындайларды элде «баамчыл» же «акылы зирек» деп коёт. Хандан-бектен кайра тартпаган өткүрлүгү бар. Дегеле жетекчинин, саясатчынын башкаларга окшобой оригиналдуу болгону жакшы. Өлкөгө, адамдардын жашоосуна ушундай адамдар гана жаңылануу алып келет. Бул тарыхта тастыкталган маселе. Дүйнө жүзүндө өз өлкөсүнө өзгөртүү жасаган бардык лидерлердин жүрүм-туруму, мүнөзү өзгөчө болушкан. Ошондуктан ар бирибиз кимдир бирөөгө сын айтаардан мурда өзүбүздү күзгүдөн бир жакшылап карап анан «мен ага сын айтканга татыктуумунбу, ал жасаганды мен жасай аламбы, ал кандай ойлонот, мен кандай ойлоном, кимибиз реалдуулукка жакынбыз?» деген абалда болгонубуз жакшы го…
Желектин түбөлүктүүлүгү жөнүндө бир ооз сөз. Желек өзгөрбөгүдөй ал ыйык Куран эмес. Пенденин ойлоп тапкан буюм-тайымдары мезгилге жараша эскирип, жаңырып, өзгөрүп турат. Андан эч трагедия жасабоо керек.
Алиаскар Абдиев – коомдук ишмер.