13 жаштагы кыздын зордукталуусу боюнча бүгүн, 12-июлда Свердлов райондук сотунда соттук отурум жабык эшик артында болду. Жабырлануучу кыздын атасы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине соттук отурумдун жүрүшү тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.
«Бүгүн соттук отурумга мен, келинчегим болуп кирдик. Сотто зордуктоого шектелген бир милиция кызматкеринин жактоочусу бизге «Массалык маалымат каражаттарын пайдаланып жатасыңар. Ошондон улам эл бир тараптуу карап, судьяга чейин басым көрсөтүп жатат. Силер, акмактар, буларга жалаа жаап, 600 миң сом акча чогултуп алдыңар» (Эркин Рыскулбеков баш болгон демилгечи топтун эсеби тууралуу айтылууда) деп кыйкырды. Буга келинчегим чыдабай кетип «бизге бир тыйындын кереги жок, биз үчүн кызыбыздын намысы бийик турат» деп жооп берди. Аягында жактоочу кийинки отурумга келбегиле, биз да келбейбиз деп шектүүлөргө жол көрсөтүп чыкты», — дейт кыздын атасы.
13 жашар кыздын колдон колго өтүп зордукталып келгени коомдо резонанс жаратып, кылмышка шектелип эки милиция кызматкери менен «Дордой» базарынын бир кароолчусу кармалган.