Бишкекте Хонда Фит унаасы БМВ менен сүзүшүп, унаа андан ары сүрүлүп барып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
«Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа Патриса Лумумба көчөсү менен бара жатып, Волкова көчөсүнө жетпей БМВ үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. БМВ үлгүсүндөгү унаа андан ары сүрүлүп барып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда»,— дешти милициядан.
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 8-июнда Свердлов РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызында...
Тышкы иштер министрлиги маалымат берип, 21-июлга караган түнү Орусиянын Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгрин районунда жол кырсыгы катталган. "Чыгыш Денисовская" шахтасынын...
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Балыкчы шаарынын тургуну Кыял Апсаматова кайрылып, 13 жаштагы уулу Нурсултан Канатбек уулу 26-мартта асынып өз жанын кыйганын, бирок алар буга...
УКМК кызматкерлери YouTubе платформасын анализдеп жатып, “Кабар Медиа” баракчасынан уюшкан кылмыштуу топтун идеяларын тараткан кишинин видеосун таап алган. Ал эл...