Таласта сууга агып кеткен Байэлди издөө иштери облустук деңгээлде күчөтүлдү
31-июлда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылынын тургуну Тимур уулу Байэлди издөө иштери облустук деңгээлде уюштурулуп, кеңири масштабда жүргүзүлүүдө.
Анда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Урматбек Имашов, Чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармылыгынын башчысы Тимур Үметалиев , райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле, Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунун тургундары катышууда. Издөө иштерине ӨКМден 100 кызматкер, Чек ара кызматынан 12 кызматкер, Ички иштер органдарынан 20 кызматкер жергиликтүү тургундар менен биргеликте жалпы 900гө жакын адам катышууда. Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министирлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинен 3 дрон ӨКМ Талас оюлусу боюнча башкармалыгынан бир жана Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн бир дрон тартылтылды.
Өспүрүмдүн Талас дарыясына агып кеткенине дээрлик бир айга жакын убакыт болуп, ушул мезгил аралыгында издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келди. Бүгүн издөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кошумча күчтөр жана каражаттар тартылып, иш-чаралар облустук деңгээлде координацияланды.