Токмоктогу «Радиозавод» мамлекетке кайтарылды
Токмоктогу “Радиозавод” мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарында жайгашкан жалпы аянты 1...
Бүгүн өрт кырсыгынан 25 жаштагы аял жана анын үч баласы каза тапканы тууралуу маалымат тарады. Каргашалуу кырсык кечээ, 13-декабрда Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы сарайлардын жанында курулган үйдө катталган. Өрт толугу менен алты сааттан кийин гана өчүрүлгөн. Аял 25 жашта, ал эми балдары 3, 4 жана 6 жашта болгон. Үй-бүлөнүн кожоюну, балдардын атасы кырсык болгон күнү унаа базарга кеткени маалым болду. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, бул окуяга шектүү катары 21 жаштагы жаран кармалды.
SUPER TV өрт катталган жерге барганыбызда, ал жайдын ээлери видеого тартууга каршы болушту.
Өрттөнүп кеткен кашар тууралуу Ысык-Ата районунун Логвиненко айылынын башчысы Ногойбек Самтыров: “Бул менчик жер. Мурда Аскар Салымбековго тиешелүү жер тилкеси болчу, азыр кимдики экендиги тууралуу так маалымат жок. Өрттөнүп кеткен кашарда Данияр деген көлдүк жигит жубайы жана 2 баласы менен жашачу. Бизге жеткен маалыматтар боюнча өрт от жагуудагы кокустуктан улам келип чыккан”, — деди.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бул окуянын чоо-жайын мындайча айтып беришти: “Эне сыртта болгон, ал балдарын куткарам деп үйгө кирген бойдон кайра чыга албай калган».
Токмоктогу “Радиозавод” мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарында жайгашкан жалпы аянты 1...
Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу...
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу журналисттерге Кадыр Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда билдирди. ...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина менен "Социал-демократтар" партиясынын өкүлү кармалганын 14-ноябрда Бишкек ШИИБден билдиришти. 13-ноябрда "Социал-демократтар" партиясынын штаб жетекчиси...
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей,...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Салиева көчөсү, 112.
Реклама бөлүмү
+996 (222)
88-29-29
reklama@supertv.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.