Abank_nov
SerepTV Logo

Депутат Нуржамал Торобекова майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин көтөрдү

Депутат Нуржамал Торобекова майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин көтөрдү
 
Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржамал Торобекова майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, сапаттуу медициналык жана социалдык реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо маселелерин көтөрдү.

Эл өкүлү жыл сайын майыптыгы бар адамдардын саны өсүп жатканын белгилеп, ошол эле учурда каттоого алынбай, тийиштүү колдоо албай жаткан жарандар да бар экенин кошумчалады. Мындан улам реабилитациялык борборлордун санын көбөйтүү, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүү механизмдерин иштеп чыгуу жана республиканын ар бир районунда реабилитациялык жана диагностикалык борборлорду ачуу зарылдыгын билдирди. Аны менен катар инклюзивдик билим берүү маселелерине да көңүл бурган депутат Нуржамал Торобекова майыптыгы бар балдардын билим алуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн мектептерде тиешелүү шарттарды түзүү, пандустарды орнотуу, жеткиликтүү инфраструктураны камсыздоо, ошондой эле тьюторлордун жана башка адистердин коштоосун караштыруу зарылдыгына токтолду. Мындан тышкары майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү колдоону күчөтүүнү сунуштады.

Эл өкүлү майыптыгы бар ар бир адам жана анын үй-бүлөсү жашаган жерине карабастан зарыл болгон колдоону алышы үчүн аталган маселелерди комплекстүү жана системалуу чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
SEREP MEDIA