Февраль айында Алай райондук ички иштер бөлүмүнө мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн атуулдар жөнүндө ыкчам маалымат катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 15-февраль күнү аңчылык кылып кайткан 4 атуул текшерилип, алардын жанынан жаныбардын башы, төрт даана туягы, 6 баштыкта жаныбардын эти, эки канааттуу жана 4 ок атуучу курал ок-дарылары менен кошо алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Алай районунун 1973-жылы туулган К.К., 1974-жылы туулган А. уулу Ж., 1990-жылы туулган М.уулу А. жана Ош шаарынын 1974-жылы туулган Ү.К. аттуу тургундары кармалышып, тергөө кызматына камсыз болушкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар тыюу салынган убакта жоголуу коркунучунда болгон, сейрек кездешүүчү элик (сибирская косуля) жаныбарын атып өлтүргөндүгү аныкталды.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...