Бишкек шаарынын Октябрь районунун Алтын-Ордо конушунда үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:02де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, ал эми 08:08 мүнөт өткөндө дагы бир күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде эки бөлүм иш алып барды. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 130 чарчы метрди түзгөн үйдүн чатыры, жуунуучу бөлмөсү жана от жагуучу жайы күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жок.