Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министрдин жактоочусу билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык сотунда жактоочунун бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган арызы каралды. Министр 2-июлга чейин үй камагында болот.
Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага 7 кылмыш иши козголгон. 4-июнда ал кызматынан убактылуу четтетилген. Ошол эле күнү Октябрь райондук сотунда министрдин бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылган.