Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык сотунда апасы, уулу жана кызынын өлүмүнө шектелип өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин доо арызы каралмак.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, соттук отурум 10-январга жылдырылды. Буга айыпталуучу тараптын жактоочусунун келбегени себеп болгон.
- Ушул жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. 3-ноябрда кылмышка шектүү Чынтемир Аширалиевди Бишкектин Октябрь райондук сотунда судья күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле сот шектүүгө 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом) өлчөмүндө айып пул салган.