Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кызматтык жасалмачылык фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жогорку билим берүү тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде чет өлкөлүк студенттердин билим алуусуна байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар түшкөн.
Окуу жайга расмий түрдө кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө өлкөдө жок экендиги жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуп, окуу процессине катышпаганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, анда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар тастыкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында чет өлкөлүк 59 студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынды:
— Өзбекстан Республикасынын 30 жараны ,
— Казакстан Республикасынын 20 жараны,
— Орусия Федерациясынын 9 жараны.