Abank july
SerepTV Logo

Авиабилеттерди сатууга байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Авиабилеттерди сатууга байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
 
4-августта Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине 25тен ашуун жаран кайрылып, С.Н. аттуу жаран авиабилеттерди алып берүү шылтоосу менен алардын ар биринен акча алып, өз милдеттенмесин аткарбай койгонун билдиришкен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 2 миллион 100 миң сомду түзөт. Учурда келтирилген чыгымдын так көлөмү аныкталууда. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган С.Н. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биринчи май РИИБ шектүүнүн аракеттеринен жабыркаган же бул окуя боюнча кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырат.