21-22-сентябрда Чек ара кызматынын кызматкерлери Баткен облусунда аткезчилик жүктөрдү аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек районундагы Кичи-Бел аймагында күзөттө турган кызматкерлер Кыргыз жарандарынын башкаруусундагы эки Мерседес-Бенц Спринтер унаасын токтотушкан. Унааларды кароо учурунда документтери жок 4000 килограмм жүзүмдү аныкташты. Айдоочулар аткезчилик жүктү Кыргызстанга Тажикстандан алып келе жатышкан.
Ошондой эле, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде Айдаркен чек ара кызматкерлери Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан Hyundai-Porter унаасын токтотушкан. Айдоочу Кыргызстанга Өзбекстандан документтери жок идиш-аяк алып келе жаткан. Тергөө иштерин улантуу үчүн кармалган жүк жана адамдар тиешелүү органдарга өткөрүп берилди.