Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев соцтармактагы баракчасына Казакстандагы учак кырсыгында жабыркаган 3 Кыргыз жараны тууралуу маалымат берди.
“Бир жараныбыз реанимацияда, абалы туруктуу. Эки жараныбыздын абалы жакшырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Биз Казакстан жана Азербайжандын тиешелүү органдары менен тыгыз байланыштабыз. Жарандарыбызга толук жардам көрсөтүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.








