Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык кызматынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, аталган ишкананын жетекчиси убактылуу пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин мыйзамсыз саткан фактысы катталды.
УКМКнын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө мындай делет: «2017-жылы Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын айрым кызмат адамдары өз кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамсыз баюу максатында аукциондо жеңип чыгууга кызыкдар болгон үчүнчү жактар менен кылмыштуу бүтүмдү түзүп, алдын ала жеңүүчүлөрдү аныктап, жер участоктору боюнча жасалма аукциондорду өткөрүшкөндүгү аныкталды. Тиешелүү тергөө иштеринин алкагында 24-декабрда «коррупция» беренеси менен «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын жетекчиси жана мыйзамсыз сатууга тиешеси бар делинген жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө».