Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдон кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.
«Бүгүн болжол менен саат 12:15 чамасында Тойота үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Чүй көчөсү менен чыгышты көздөй баратып Панфилов көчөсүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бараткан болжолдуу 20 жаштагы кызды сүзүп алган. «Тез жардам» кызматы келип, кыздын абалын текшерүүдө. Кайгуул кызматы кырсык катталган жерде иш алып барууда», — деп билдирди басма сөз кызматчысы Байказы Айтикул уулу.