Кечээ, 8-октябрда Бишкектеги Ак Үйдүн маңдайындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды унаа сүзүп кеткендеги видео тарады. Милициядан кырсык саат 09:59 чамасында катталганын, Хонда Фит унаасынын айдоочусу 2001-жылы туулган жаран экенин билдиришти. Айдоочу 1979-жылы туулган аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен аял ооруканага жеткирилди. Териштирүү иштери жүрүп жатат. Унаа айып короого киргизилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram