Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды унаа сүзүп кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Милиция кырсык боюнча маалымат берип, кичи автобусту 23 жаштагы жигит айдап бара жатканын билдирди.
«23 жаштагы С.Э. Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен № 6 үйдүн жанынан 46 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Ал ооруканага жеткирилген»,- деп айтылат маалыматта. Унаа айып короого киргизилген.