Кечээ, 3-июлда социалдык тармактарда блогерлердин бири аны жана анын эки курбу кызын Бишкектеги мейманканалардын биринде сабаганы тууралуу айтып, видеолорду жарыялаган.
Ошондой эле, ал өз сөзүндө аларга кол көтөргөн киши белгилүу бийчи Жан Воиновдун кайниси экенин окуя болгон учурда бийчинин аялы да болгонун, кийин бийчи дагы келгенин кошумчалаган.
Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү бул иш бейбаштык жана карактоо беренеси менен катталганын анын негизинде 1994-жылы туулган жаран кармалганын билдирген.
Ошондой эле, аталган ишке байланыштуу бейбаштык беренеси менен Жан Воинов да кармалганын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram