Кара-Кулжада тоо текени мыйзамсыз аткан жаранга 312 500 сом айып пул салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору тарабынан бул жатта ыкчам рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
Айтсак, Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү төмөндөгүчө каралган:
Илбирс – 2 млн сом,
Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен – 1,5 млн сом,
Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн – 50 миң сом,
Орто азиялык күндуз, мензбир сууру 20 миң сом каралган.
Буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл аймагынын «Кашка-Суу» жайлоосунда 1 (бир) баш тоо текеси мыйзамсыз атылгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча тийиштүү протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде укук бузуучуга 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 000 сом өлчөмүндө доо коюлуп, материалдар мыйзам чегинде кароого укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка (браконьерликке) каршы күрөшүү багытында үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүп турат.