Бишкекте БМВ унаасы менен Милициянын кайгуул кызматынын унаасы сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 17-январь күнү саат 05:00 чамасында катталган. БМВ унаасын 2002-жылы туулган жигит башкарып бара жаткан. Аталган факты каттоого алынып, эки унаа тең айып короого киргизилген.
«Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, айдоочу жигит баңгизат колдонгону, ошондой эле унааны жасалма мамлекеттик номур менен башкарып жүргөнү, алдыңкы каптал айнектери уруксатсыз караңгылатылганы аныкталган. Ошондой эле кырсыктан кийин БМВнын айдоочусу коомдук жайда өзүн агрессивдүү алып жүрүп, адепсиз сөздөрдү айтканы үчүн Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram