2024-жылдын 21-июнь күнү Свердлов РИИБге 1963-жылы туулган Полковникова Светлана Борисовнаны издөөгө көмөк көрсөтүү жөнүндө баласы арызы менен кайрылган. Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине катталып, издөө иш-чаралары башталган.
13-август күнү Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларын жүрүшүндө Полковникова Светлана Борисовнанын дайынсыз жоголушуна тиешеси бар жана жарандык никеде турган 1979-жылы туулган жаран Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Андан ары тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандык никедеги аялын өлтүрүп, сөөгүн маркумдун үйүнүн короосуна көмүп койгондугун билдирген.
Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда кылмыштын чыныгы жагдайлары жана мотивдери аныкталып жатат. Мындан тышкары бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram












