Бүгүн, 9-мартта жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык Чыңгыз Айтматов жана Гшлиессер көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Мазда 6 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинен Тойота Королла менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам — эки унаанын айдоочулары, Мазда 6 унаасынын жүргүнчүсү жабыркаган.
Учурда унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.