Сойкулукка жана ыпластыкка үгүттөө фактысы боюнча кылмышка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери сойкукананы жабышкан. Буга чейин укук коргоо органдарына кайсы бир аял сойкулук менен байланышкан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси «сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан сауналардын биринин администратору кардарлардын өтүнүчү боюнча интим-кызмат көрсөткөн кыздарды издеп, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан саунанын администратору 1992-жылы туулган жаран кармалган. Кармалган жаран тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүп берилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.