Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
21-мартта саат 19:00дө Суванбердиев жана Беларус көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран жол тескөөчүлөргө кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.
Окуя боюнча 1996-жылы туулган шектүү Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми окуянын экинчи катышуучусу — 2006-жылы туулган жаранга карата Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин (транспорт каражаттарын айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде административдик чаралар көрүлүп, протокол түзүлгөн.
Кечээ, 6-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 3-майда Геленджик шаардык...
Социалдык тармактарда «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тарады. Видеодон унаанын жолдун четине чыгып, оодарылып калганын көрүүгө...
Чүй облусунда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. "15-апрелде интернет тармагына карата жүргүзүлгөн маниторинг...
Буга чейин социалдык тармактарда айланма жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Жол кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда,...
Айланма жолдун ГЭС-5 тарабында катталган жол кырсыктын видеосу тарады. Видеодон эки кичи автобустун сүзүшкөнүн көрүүгө болот. Кырсык боюнча азырынча милиция...