Депутат Жээнчороев: "Бир талапкерге 1000ге чейин үгүтчү тартуу боюнча эми норма жок"
"2025-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүшүндө жана андан кийин шайлоочулар, депутаттыкка талапкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер тарабынан эң көп сынга алынган шайлоо мыйзамдарынын нормаларынын бири – бир талапкерге 1000ге чейин үгүтчү (агитататор) жалдоого мыйзам аркылуу уруксат берилиши болду". Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Көпчүлүк бул норма талапкерлер үчүн тең эмес шарттарды түзөрүн, шайлоо чыгымдарын кескин көбөйтөрүн жана көмүскө добуш сатып алууга жол ачарына шарт түзүшү мүмкүн деген. Бүгүн бул көйгөй чечилди. Бир талапкерге 1000ге чейин үгүтчү (агитатор) тартуу боюнча эми норма жок!
"Көпчүлүк бул норма талапкерлер үчүн тең эмес шарттарды түзөрүн, шайлоо чыгымдарын кескин көбөйтөрүн жана көмүскө добуш сатып алууга жол ачарына шарт түзүшү мүмкүн деген. Бүгүн бул көйгөй чечилди. Бир талапкерге 1000ге чейин үгүтчү (агитатор) тартуу боюнча эми норма жок!
2026-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Конституциялык мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамдын демилгечилери депутаттар М.А. Маматалиев, Д.Д. Бекешев, М.К. Жээнчороев, Алтынбеков жана К.А. Талиева болушкан. Мыйзамдагы эң маанилүү өзгөртүүлөрдүн бири – үгүтчүлөрдүн эң жогорку санын 1000ден 165-360 адамга чейин кыскартуу болуп саналат. Бул сан тиешелүү шайлоо округундагы шайлоо участкаларынын санына жараша аныкталат.
Силер менен дагы бир жаңылык менен бөлүшкүм келет. Бул – VIII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мен авторлорунун бири болгон жана мыйзамдуу күчүнө кирген алгачкы мыйзам долбоору. Бул мен үчүн жөн гана кабыл алынган мыйзам эмес, шайлоочуларга берген конкреттүү убадамдын аткарылышы. Шайлоо мыйзамдарын мындан ары да өркүндөтүү боюнча иштер уланууда. Ушул жылдын сентябрь айында мен тарабынан Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине жаңы мыйзам чыгаруу демилгелери сунушталат. Алардын көпчүлүгү тууралуу мен буга чейин социалдык тармактардагы баракчаларым аркылуу маалымдаганмын", - деп жазылат билдирүүдө.