Каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. кармалды, ошондой эле ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды. Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ЖАКнын 1-тергөө абагына камака алынды.
5-сентябрда УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, башкы прокурор аталган судьяга карата Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон. 16-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...