Бишкек шаарынын Алма-Ата көчөсүндөгү техникалык тейлөө борборунан чыккан өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түздү. Кырсыктын кесепетинен 4 унаа толугу менен күйүп кеткен жана 5 унаа сакталып калган. Жабыркагандар жок.