Бишкектеги батирлердин биринен жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде бекилип калган эшикти ачышкан. Ичинен 1997-жылы туулган кыз кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.