Abank july
SerepTV Logo

Бишкек шаарындагы базарда чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы базарда чыккан өрт өчүрүлдү
 
6-августта саат 22:48де Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрттү өчүрүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы окуя болгон жерде өзү жетекчилик кылып, өрттү өчүрүү иштерин координациялаган. Өрт 7-августта саат 09:06да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзгөн.