Abank_june
SerepTV Logo

Бишкекте кулакчын уурдоого шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды

Бишкекте кулакчын уурдоого шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды
31-июль күнү болжол менен саат 10:30да Бишкек шаарындагы филармониянын жанындагы жер алдындагы өтмөктө белгисиз жаран кулакчын уурдап кеткен. Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин МЭЖге катталган.

Зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жаран - А.А., 1997-жылы туулган жаран аныкталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жарандын аракеттерине укуктук баа берилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.