Казакстандагы MEGA Silk Way соода борборунун балдар аянтчасында болгон окуядан жабыр тарткан кыргызстандык Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине чакырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Буга чейин казак басылмалары 18-июнда мушкер Бейбут Шуменов кафелердин биринде кыргызстандыкка кол салып, аны сабап баштаганын жазып чыгышкан.
13-июлда элчи Дастан Дюшекеев жабырлануучуга консулдук юридикалык жардам көрсөткөн. Учурда Казакстандын укук коргоо органдары бул окуя боюнча бардык процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө.