Бүгүн, 20-июнда Боом капчыгайында сел жүрүп жатканы тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окурмандар билдиришип, видео жөнөтүштү.
Алардын айтымына караганда, сел катуу жүрүп жатат жана жолго чыкпай турууга чакырышты.
Буга чейин Тоң районунда кыян жүргөнү маалымдалган.
Кечээ, 19-июнда ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 20-июндан 22-июнга чейин тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскерткен болчу.