Чикагодо 7-январга караган түнү Кыргызстандын жаранын атып кетишкен. Бул тууралуу анын тааныштары кабарлаганын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган Ж.К. аттуу жаранды белгисиз адамдар атып, унаасын уурдап кетишкен. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинен ырасташкан. ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу жүк 200 менен сөөктү мекенге жеткирүүгө көмөк көрсөтүшүүдө.