Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Сокулук айылынын Белинский көчөсүндө Чоң Чүй каналында 55-60 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси агып бараткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, маркумду суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.